Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев Түркия Республикасынын Анталия шаарында өткөн 8-Этноспорт форумуна катышты.
Иш-чаранын алкагында ректор салттуу спорт түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү, маданий мурастарды коргоо багытында бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү.
Форум 2026-жылдын 3–5-апрелинде Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан уюштурулуп, анын жүрүшүндө салттуу спорттордун туруктуу өнүгүүсү, маданий мурастарды сактоо, эл аралык кызматташууну кеңейтүү багыты талкууланды.
Аталган форум салттуу спортту жана маданий баалуулуктарды илгерилетүүдө мамлекеттер аралык кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
