Эл аралык кызматташтык
Факультеттин бакалавриаттары үчүн «2+2» жана магистранттары үчүн «1+1» схемасы боюнча адистерди биргелешип даярдоо үчүн чет элдик чыгыш таануу борборлору жана алыскы чет өлкөлөрдөгү алдыңкы университеттер менен байланыштар түзүлгөн. Факультет эл аралык билим берүү программаларына катышат:
- корей жана Жапон билим берүү фонддору.
- ТИКА, JICA, KOICA, TNT, Бир Азия Фонду.
- Араб, түрк жана фарс тилдерин чет өлкөлөрдө жайылтуу коомдору.
Факультеттин мыкты студенттери Корея, Япония, Түркия, Иран, Египет, Кувейт, башка араб өлкөлөрү, Европа жана Америка университеттерине 2 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө тил стажировкасына жиберилет. Акыркы 3 жылдын ичинде факультеттин 150дөн ашык студенттери өндүрүштүк практикадан өтүштү.






