2025-жылдын 21–25-май күндөрү Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында, Түндүк-Батыш университетинин базасында «Кытай жана Борбор Азия цивилизацияларынын өз ара алакасы жана коммуникациясы» аттуу эл аралык конференция өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу — аталган университеттин Журналистика жана коммуникациялар мектеби. Конференциянын максаты — Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда билим берүү жана коммуникация тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо болду.
Бул конференция Кытай–Борбор Азия саммитинин демилгелерин ишке ашырууга, цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүүгө жана «Бир алкак — бир жол» долбоорунун алкагында гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
Бишкек мамлекеттик К. Карасаев атындагы университеттин атынан илимий иштер боюнча проректору Гүлнара Мурзахметова, журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы Алтын Асанова жана Кыргыз-кытай факультетинин деканы Гүлнара Ботоканова катышты. Жыйында академиялык алмашуулар, биргелешкен билим берүү программалары жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды.