Мазмунга өтүү

Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу “Түрк дүйнөсү жана Жусуп Баласагын” форумуна катышты

Преподаватель Кыргызско-китайского факультета принял участие в форуме «Тюркский мир и Жусуп Баласагын»

Кыргыз-кытай факультетинин окутуучусу “Түрк дүйнөсү жана Жусуп Баласагын” форумуна катышты

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинин кытай филологиясы кафедрасынын улук окутуучусу Жаркын Алтымышова форумга "Кытай адабиятында Жусуп Баласагындын таанылышы" деген аталыштагы баяндама менен катышты.

Иш-чаранын максаты Жусуп Баласагындын социалдык-маданий концепциялары жана анын "Кут алчу билим" чыгармасы менен тааныштыруу, ошондой эле анын дүйнөлүк адабияттагы ордун белгилөө болду. Форумга Кыргызстандагы окумуштуулар жана университеттердин өкүлдөрү, ошондой эле Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү изилдөөчүлөр катышты.