2025-жылдын 18-ноябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде түзүм жетекчилери жана бөлүм башчыларынын катышуусунда жыйналыш болуп өттү. Иш-чарада окуу процессинин сапатын жакшыртуу, эл аралык байланыштардын учурдагы абалы, окутуучулар үчүн уюштурулган англис тили курстары жана кыргыз тили боюнча тест тапшыруу тартиби сыяктуу бир катар маанилүү маселелер каралды. Ошондой эле атайын түзүлгөн тартип комиссиясынын ишинин жыйынтыктары угулуп, тиешелүү чараларды көрүү боюнча сунуштар айтылды. Жыйындын соңунда жооптуу түзүмдөргө конкреттүү тапшырмалар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Бишкек мамлекеттик университетинде түзүм жетекчилери жана бөлүм башчыларынын жыйналышы өттү









