Мазмунга өтүү

К.Карасаев атындагы БМУнун окутуучулары “Манас” эпосуна арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

Преподаватели БГУ им. К. Карасаева приняли участие в международной научно-практической конференции, посвящённой эпосу «Манас»

2025-жылдын 11-декабрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргыз–Кытай факультетинин доценттин милдетин аткаруучу Борсокеева Нуркыз Болсунбековна жана ага окутуучусу Алтымышова Жаркын Жусупбековна Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде өткөн “Манас” эпосу – улуттук биримдиктин жана руханий мурастын түпкү булагы” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышышты. Иш-чаранын алкагында Борсокеева Н.Б. “Манас эпосундагы билим, таалим-тарбия берүү” темасында, ал эми Алтымышова Ж.Ж. “Манас эпосунун азыркы коомдогу тарбиялык мааниси” аттуу баяндамалары менен чыгып, эпостун билим берүү жана тарбиялык потенциалына байланышкан илимий көз караштарын ортого салышты. Конференциянын негизги максаты “Манас” эпосун даңазалоо жана жайылтуу, анын жаралыш тарыхын, идеялык-философиялык жана маданий-агартуучулук баалуулуктарын заманбап илимий методологиянын негизинде изилдөө болуп саналат. Ошондой эле кыргыз элинин руханий өзөгүн түзгөн улуттук баалуулуктарды сактоо, патриоттуулукка тарбиялоо, “Манас” мурасын билим берүү, илим жана маданият тармактарына интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүн колдоо жана эл аралык тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү маселелери талкууланды.
В рамках мероприятия Борсокеева Н.Б. выступила с докладом на тему «Образование и воспитание в эпосе “Манас”», а Алтымышова Ж.Ж. представила доклад «Воспитательное значение эпоса “Манас” в современном обществе», в которых были рассмотрены образовательный и воспитательный потенциал великого эпического наследия кыргызского народа.
Целью конференции стало прославление и популяризация эпоса «Манас», изучение истории его возникновения, идейно-философских и культурно-просветительских ценностей на основе современной научной методологии; сохранение национальных ценностей, составляющих духовное ядро кыргызского народа, воспитание патриотизма; определение возможностей интеграции наследия «Манаса» в сферу образования, науки и культуры; поддержка научных исследований молодых учёных, а также создание платформы для обмена международным опытом.