Мазмунга өтүү

Укуктук сабаттуулук — педагогикалык ишмердүүлүктүн фундаменталдык негизи

Правовая грамотность — фундаментальная основа педагогической деятельности

Педагогикалык билим берүү факультетинин башталгыч жана мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасында прокуратура кызматкери, юстиция полковниги, I категориядагы юрист Исманов Анвар Кудайбердиевич менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Анвар Кудайбердиевич билим берүү тармагындагы укуктук нормалар, студенттердин жана келечектеги педагогдордун укуктары менен милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди. Айрыкча мугалимдин жоопкерчилиги, балдардын укуктарын коргоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын мааниси өзгөчө белгиленди.

Өз сөзүндө Анвар Кудайбердиевич өз укуктарын жана милдеттерин билүү мыйзамдуу жана этикалык педагогикалык ишмердүүлүктүн негизги шарты экенин белгиледи. Айрыкча башталгыч жана мектепке чейинки билим берүү багытындагы студенттер үчүн укуктук билимдин мааниси чоң, анткени алар балдардын өнүгүүсү жана коопсуздугу үчүн түздөн-түз жооп беришет.

Жолугушуу студенттердин активдүү катышуусу менен өтүп, практикалык суроолор талкууланып, пайдалуу кеңештер берилди.