К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин делегациясы ректор М.М. Дылдаевдин жетекчилиги алдында Үрүмчү шаарына иш сапары менен барып, Синьцзян университетинин жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Сапардын жүрүшүндө тараптар БМУдагы Конфуций институтун мындан ары биргелешип өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшуп, эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн келечектерин талкуулашты. Жолугушууга Синьцзян университетинин ректору, профессор Ма Синьбинь, эл аралык кызматташтык боюнча проректор Цзинь Ган, ошондой эле тиешелүү институттардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, илимий-изилдөө кызматташуусун өнүктүрүү жана тармактык билим берүү жана илимий борборлорду түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүүнүн жогорку деңгээлин белгилеп, университеттер ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди этап-этабы менен ишке ашыруу тууралуу макулдашышты.







