2025-жылдын 18-декабрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Араб тилинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага “Ассанабил” кайрымдуулук уюмунун жетекчиси доктор Мухаммед Абделькарим баштаган ардактуу коноктор, университеттин жетекчилиги, араб филологиясы кафедрасынын окутуучулары жана студенттери катышты.
Араб тили адистигинде билим алып жаткан студенттер тарабынан даярдалган көркөм-театрлаштырылган программа жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга араб тилинин маданий жана руханий баалуулуктарын кеңири таанытты. Иш-чаранын алкагында Араб филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулган 10дон ашуун конкурстун жеңүүчүлөрү сертификаттар менен сыйланып, “Аль-Манахиж” уюмунун атайын белектерине ээ болушту.









