К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө университеттин окуу-тарбиялык, илимий жана уюштуруучулук ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралды.
Алгач 2025–2026-окуу жылына карата 1-курска окуучуларды, студенттерди жана магистранттарды кабыл алуунун жыйынтыктары тууралуу кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы М.О. Жанакунова баяндама жасады. Баяндамада кабыл алуу өнөктүгүнүн жүрүшү, жыйынтыктары жана келечектеги пландар белгиленди.
Күн тартибиндеги «Ар кандай маселелер» бөлүмүндө Социология жана саясий-укуктук дисциплиналарынын кафедра башчысынын, ошондой эле УАББКДКЖ институтунун экономика, каржы жана бухгалтердик эсеп кафедра башчысынын бош кызмат орундарын ээлөө боюнча шайлоо маселелери каралды.
Андан соң К.Карасаев атындагы БМУнун «Студенттердин этикалык кодексин» жана «Студенттик кеңешинин жобосун» бекитүү маселеси талкууланып, мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректор Ж.А. Артыкова маалымат берди.
Жыйындын жыйынтыгында күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.











