Мазмунга өтүү

К.Карасаев атындагы БМУнун ректору Кытай-Борбор Азия кызматташтыгы боюнча конференцияга катышып, Синьцзян университетинде жолугушууларды өткөрдү

Ректор БГУ имени К.Карасаева принял участие в Конференции по сотрудничеству Китай – Центральная Азия и провёл встречи в Синьцзянском университете

2025-жылдын 12-майында К.Карасаева атындагы БМУнун ректору Мирлан Дылдаев өндүрүш, билим берүү, илимий изилдөө жана иштеп чыгууларды ишке киргизүү боюнча 2025-жылдагы Кытай-Борбордук Азия конференциясына катышты.

Иш сапардын алкагында ректор Синьцзян университетинин алдындагы К.Карасаев атындагы БМУнун Илимий изилдөө борборуна барып, Синьцзян университетинин проректору Цзин Ганг жана борбордун директору Чжу Сяоцзюнь менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз филологиясы боюнча профилди ачуунун келечеги, ошондой эле илимий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Директор Чжу Сяоцзюнь борбордун иши, биргелешкен басылмалары жана алдыда боло турган долбоорлор тууралуу маалымат берди.