2026-жылдын 24-февралында академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Корея Республикасына окууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту.
Академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде студенттер эки багыт боюнча окууга жөнөтүлдү. Атап айтканда, Канвон университетине 0,5+4 программасы боюнча 2 студент, ал эми Ханбат университетине бир семестрлик стажировкадан өтүү үчүн 15 студент жиберилди.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор студенттерге ийгиликтерди каалап, чет өлкөдө билим алуу алардын кесиптик жана инсандык өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи. Ошондой эле, университеттин эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса көрсөттү. Бул программалар студенттерге эл аралык тажрыйба топтоого, билим деңгээлин жогорулатууга жана чет тилдерди өздөштүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.
