Мазмунга өтүү

Добуштардын симфониясы: Бишкек мамлекеттик университети Жогорку окуу жайлар аралык фонетикалык конкурс уюштурду

Симфония голосов: Бишкекский государственный университет принимает Межвузовский фонетический конкурс

2026-жылдын 26-февралында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Европа цивилизациялары факультетинде Жогорку окуу жайлар аралык фонетикалык конкурс болуп өттү. Кыргызстандын беш алдыңкы окуу жайынан келген биринчи курстун студенттери «Командалардын саламдашуусу», «Жаңылмачтар», «Spelling Bee» жана «Jeopardy» сынактары боюнча күч сынашты.

Катышуучулардын чеберчилигин эл аралык калыстар тобу баалады. Алардын курамында: Вадим Старков (AELLCA, British Council), «English Language Fellow» программасынын стипендиаты Джейкоб Адамс (АКШ), Тынчтык корпусунун мурдагы волонтеру Эндрю Уилер (АКШ), филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти А.С. Токтоматова жана Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн координатору Рахат Рай кызы болду.

Жыйынтыгында I даражадагы дипломго К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети татыктуу болду. II орунду «Ала-Тоо» эл аралык университети, ал эми III орунду Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети ээледи. Катышуу тууралуу сертификаттар Кыргызстан Эл аралык университетине жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырылды. Иш-чара студенттер арасында достукту чыңдап, алардын лингвистикалык чеберчиликке болгон умтулуусун айгинеледи.