2026-жылдын 25-февралында академик Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө университеттин окуу, илимий-изилдөө жана уюштуруу ишмердүүлүгүнө байланыштуу учурдагы маселелер талкууланып, күн тартиби боюнча бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча отчеттор угулуп, алдыдагы мезгилге милдеттер аныкталды.
