Мазмунга өтүү

БМУнун студенти Кадырбеков Бекбол «КМШнын мыкты студенти» эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду

Студент БГУ Кадырбеков Бекбол стал победителем Международного конкурса «Лучший студент – СНГ»

2025-жылдын 13-декабрында Астана шаарындагы «Казмедиа орталыгында» «КМШнын Мыкты студенти» эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Сынактын жыйынтыгында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин 2-курсунун студенти Фархатович I даражадагы диплом, ошондой эле «КМШнын Мыкты студенти» төш белгиси жана эстелик статуэтка менен сыйланды.

Жеңүүчүнүн илимий жетекчиси Абдалиева Перисат Кошоевна таланттуу студентти даярдоого кошкон салымы жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык каты менен белгиленди.

Бул жеңиш Бекбол Кадырбековдун окуу, илимий, коомдук жана спорттук ишмердүүлүктөгү активдүүлүгүнүн, талыкпаган эмгегинин жана жогорку деңгээлдеги даярдыгынын жыйынтыгы болуп саналат.