Мазмунга өтүү

БМУнун ректору студенттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту

Ректор БГУ встретился с членами студенческого совета

2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев студенттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарада ачык жана достук пикир алмашуу болду. Студенттер окуу процесси, студенттик турмуш боюнча өз сунуштарын, ойлорун ортого салышты. Жолугушууга ошондой эле окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору Азамат Сатиев жана Жаштар иштери боюнча департаменттин директору Элдияр Курманбек уулу катышып, студенттер менен ачык маек куруп беришти. Ректор Мирлан Дылдаев студенттердин активдүүлүгүн жогору баалап, университеттин жетекчилиги ар дайым ачык диалогго жана студенттердин демилгелерин колдоого даяр экенин баса белгиледи. Бул жолугушуу студенттер менен администрациянын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодо, ошондой эле университеттин өнүгүү багытында маанилүү кадам болду.