Мазмунга өтүү

БМУда Мигранттардын ресурстук борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

В БГУ состоялась встреча с представителями Ресурсного центра для мигрантов.

Бүгүн Бишкек мамлекеттик университетинде Мигранттардын ресурстук борборунун өкүлдөрү Голда Майра Рома, Улан Кудайбердиев жана Раушан Болоталиева менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга БМУнун ректору Мирлан Дылдаев, Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Астра Дайракунова жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Эдил Канатбеков катышты. Ресурстук борбордун өкүлдөрү өздөрүнүн ишинин максаттары жана багыттары тууралуу айтып беришти. Борбор миграциянын бардык баскычтарында максаттуу өлкөлөрдө мигранттардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү менен алектенет. Анын ишмердүүлүгү мыйзамсыз миграциянын, адам сатуунун жана мигранттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө багытталган. Ошондой эле, кызматташуунун алкагында мугалимдердин жана студенттердин миграция маселелери боюнча укуктук сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган тренингдерди өткөрүү пландаштырылууда.