2025-жылдын 8-апрелинде К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде декандардын жана кафедра башчыларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө күн тартибиндеги маанилүү маселелер талкууланды. Тактап айтканда, университеттин жаңы расмий сайтын иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле ректор Мирлан Дылдаев эл аралык байланыштар боюнча жаңы координатор Рахат Рай кызын жамаатка тааныштырды. Ректордун атынан экология жана менеджмент факультетинин деканы Элегия Бокоева, ошондой эле социалдык-психологиялык илимдер факультетинин деканы Перизат Айтбаева 2025-2030-жылдары факультеттерин өнүктүрүүнүн стратегиялык пландары менен тааныштырышты. Жыйынтыгында алдыга коюлган милдеттерди жана стратегиялык пландарды ишке ашыруу боюнча сунуштар берилди.
Кийинки жолугушуу Бишкек мамлекеттик университетинде өттү



