Мазмунга өтүү

Тематикалык жолугушуу: “ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясы. Жамааттык коопсуздукка чакырыктарга жана коркунучтарга укуктук жооп берүү”

Тематическая встреча: «Парламентская Ассамблея ОДКБ. Правовое реагирование на вызовы и угрозы для коллективной безопасности»

2025-жылдын 22-апрелинде К.Карасаева атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын ишмердүүлүгүнүн алкагында заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга укуктук жооп берүү маселелерине арналган окутуучулардын, студенттердин жана чакырылган эксперттердин тематикалык жолугушуусу болуп өттү.

БМУнун ректору Мирлан Дылдаев катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылып, жаштарга укуктук билим берүүнүн жана коопсуздук жаатында эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ЖККУ ПАнын миссиясы тууралуу негизги баяндаманы КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Алишев Шабданбек жасады. Жамааттык коопсуздуктун укуктук аспектилерин ЖККУ ПА Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык бөлүмүнүн кеңешчиси Вячеслав Кочарян чагылдырды.

Талкууга КР күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү да катышты: Коргоо министрлигинин полковниги Токобаев Нурбек, КР ӨКМнин маалымат борборунун подполковниги Ибрагимов Ильяс жана УКМКнын Чек ара кызматынын подполковниги Жолдошов Руслан.

Жолугушуу пикир алмашуу, студенттердин укуктук чөйрөсүн кеңейтүү жана эл аралык диалог маданиятын өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.