Мазмунга өтүү

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университеттинин ректору Тенри университетинин делегациясын кабыл алды

Ректор Бишкекского государственного университета имени академика К. Карасаева принял делегацию Университета Тенри

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор Мирлан Дылдаев Жапониянын Тенри университетинин делегациясын расмий визиттин алкагында кабыл алды.

Делегациянын курамында Тенри университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Ватанабэ Щюн жана стажерлердин куратору, профессор Хино болду.

Жолугушууга Бишкек мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Канатбек Токтобаев, эл аралык байланыштар боюнча проректору Фархад Тологонов жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Эдил Канатбеков катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, студенттер менен профессордук-окутуучулар курамы үчүн академиялык алмашуу программаларын кеңейтүү, илимий жана билим берүү багытындагы байланыштарды чыңдоо, ошондой эле биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.