2026-жылдын 13-мартында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү борборунда «Орус тили – чет тили катары» курсунун чет элдик угуучулары арасында «Орус поэзия кечеси» аттуу көркөм окуу конкурсу болуп өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында мыктылар аныкталып, жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды. Конкурстук жюринин төрагасы, БМУнун окуу иштери боюнча проректору Канат Токтобаев жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, мындай кечелер чет тилин үйрөнүүдө жана маданияттар аралык байланышты чыңдоодо мааниси чоң экенин белгиледи. Ошондой эле ал катышуучуларга окууларында жана студенттик жашоосунда ийгиликтерди каалады.
Аталган сынакка Кытай Эл Республикасынан, Сауд Арабиясы, Колумбиядан жана Түркиядан келген угуучулар катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
