Факультеттер / Социалдык жана психологиялык илимдер факультети
Декандын саламы

Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз мамлекеттик жана муниципалдык бийликтен баштап билим берүү, медициналык жана социалдык мекемелерге, бейөкмөт уюмдарга, аналитикалык жана изилдөө борборлоруна, HR кызматтарына, кризистик жана психологиялык жардам көрсөтүү кызматтарына, саясий жана PR түзүмдөрүнө чейин ийгиликтүү иштеп жатышат. Биз менен окуу - бул жашоону жана коомду жакшы жакка өзгөрткөн кесипке карай жол.
Социалдык жана психологиялык илимдер факультети
Социалдык-психологиялык факультет (ФСП) 1997-жылы республиканын социалдык-гуманитардык тармактарда жогорку квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыгына байланыштуу Менеджмент жана социология факультетинин базасында түзүлгөн. Факультет негизделгенден 2005-жылга чейин республикага белгилүү окумуштуулар, философия илимдеринин доктору, профессор К.И. Исаев. жана социология илимдеринин доктору, профессор С.С.Нурова жетектеп келген.
2005-2023-жылдары факультеттин деканы болуп философия илимдеринин доктору, психология илимдеринин профессору, Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлер ассоциациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Э.С Орозалиев башкарса,
2023-жылдан баштап факультеттин деканы болуп социология илимдеринин кандидаты П.М. Айтбаева иштеп келип жатат.
Абитуриенттер үчүн маалымат
Келечектеги адистер теориялык билим алышып прикладдык көндүмдөрдү өздөштүрүшөт. Биринчи кезекте, студенттердин аналитикалык жана изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалат. Алар илимий долбоорлорго, илимий конференцияларга, диспуттарга, талкууларга жана ар кандай маданий иш-чараларга катышышат.
Студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн факультетте «Үмүт» социалдык-психологиялык тренинг жана консультация борбору, «Акак» социалдык борбору, социологиялык изилдөө лабораториясы, «Призма» студенттик дискуссиялык клубу жана илимий-методикалык кабинети иштейт.
Факультеттин байланыштары




