2026-жылдын 20-апрелинен 23-апрелине чейин К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен Синьцзян университетинин (Үрүмчү) ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында Кыргыз-кытай факультетинин деканы Г.Т. Ботоканова жана кытай филологиясы кафедрасынын улук окутуучусу Ж.С. Букабаева Синьцзян университетине барышты.
Сапардын жүрүшүндө академиялык мобилдүүлүк, жайкы жана кышкы мектептерди уюштуруу, биргелешкен билим берүү программалары жана биргелешкен илимий изилдөөлөр маселелери талкууланды.
Университеттик кызматташтык кыргыз-кытай кызматташтыгынын ачкычы болуп саналат жана "Бир алкак, бир жол" демилгесинин алкагында стратегиялык ролду ойнойт.
Презентацияларда эки университеттин өз ара аракеттенүү механизмдери талданып, биргелешкен долбоорлордун конкреттүү мисалдары келтирилди.
