2026-жылы өткөрүлгөн Универсиада–2026 республикалык мелдешинин алкагында академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин эркин күрөш боюнча командасы ийгиликтүү катышып, биринчи лигада II орунду ээледи.
Мелдешке өлкөнүн жогорку окуу жайларынын күчтүү командалары катышып, спортчулар жогорку деңгээлдеги атаандаштыкты көрсөтүштү. Ошондой шартта БМУнун курама командасы туруктуулукту, мыкты даярдыкты жана жеңишке болгон умтулуусун далилдей алды.
Бишкек мамлекеттик университети команда мүчөлөрүн жана машыктыруучуларын жогорку жыйынтык менен куттуктап, алдыдагы мелдештерде дагы ийгиликтерди каалайт.

