Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университетинде бухгалтердик эсеп жана салык саясатынын актуалдуу маселелери талкууланды

В Бишкекском государственном университете обсудили актуальные вопросы бухгалтерского учета и налоговой политики

2026-жылдын 24-апрелинде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз аралыктан билим берүү, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун экономика, каржы жана бухгалтердик эсеп кафедрасы тарабынан «Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсеп жана салык саясатынын актуалдуу көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана анын карамагындагы Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес жана кесиптик чөйрөнүн өкүлдөрү — «Осло», «1С», «KATO Экономика», «Осло Учёт» жана «Профлайн» компанияларынын адистери катышты.

Тегерек столдун алкагында бухгалтердик эсепти жана салык системасын өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда:

- бухгалтердик эсепти эл аралык стандарттарга (IFRS) ылайык жүргүзүү жана аны ишке ашыруудагы тоскоолдуктар;

- салык мыйзамдарын өркүндөтүү жана анын туруктуулугун камсыз кылуу;

- чакан жана орто бизнес үчүн бухгалтердик эсеп менен салыктык отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү;

- бухгалтерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өнүгүүсүн колдоо;

- көмүскө экономиканы кыскартуу жана финансылык отчеттуулуктун ачыктыгын жогорулатуу.

Айрыкча салыктык администрлөөнү санариптештирүү жана электрондук кызматтарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, бул багыт ишкерлер үчүн административдик жүктү азайтууда маанилүү фактор катары белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар тарабынан Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүгө жана бухгалтердик эсеп системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштар иштелип чыкты.