Мазмунга өтүү

БМУнун студенти Арстанбекова Азема — «Студенттик дебют – 2026» сынагынын жеңүүчүсү

Студентка БГУ Арстанбекова Азема — победитель конкурса «Студенческий дебют – 2026»

2026-жылдын 22–23-апрелинде өткөрүлгөн «Студенттик дебют – 2026» республикалык сынагынын жыйынтыгында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин башталгыч жана мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын студенти Арстанбекова Азема I орунду ээледи.

Сынак И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп, өлкөнүн алдыңкы педагогикалык жогорку окуу жайларынын студенттерин бириктирди. Иш-чара келечектеги мугалимдердин кесиптик чеберчилигин, чыгармачылык потенциалын жана заманбап билим берүү технологияларын колдонуу жөндөмүн баалоого багытталган.

Сынактын жүрүшүндө Арстанбекова Азема жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын, педагогикалык чеберчилигин жана чыгармачылык мамилесин ийгиликтүү көрсөтө алды. Анын иши методикалык тактыгы, мазмундуулугу, ишенимдүү баяндоосу жана кесипке болгон берилгендиги менен өзгөчөлөнүп, калыстар тобу тарабынан эң жогорку баага татыды.

Студентти сынакка даярдоодо окутуучу Нуркыз Абдыракманова жана кафедра башчысы Жылдыз Абдыракунова даярдыктын бардык этаптарында кесиптик багыт берип, усулдук жактан колдоо көрсөтүп келишет.

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети Азема Арстанбекованы жетишкен ийгилиги менен куттуктайт жана мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, кесиптик өсүүнү жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.