Мазмунга өтүү

«Ден соолук» спартакиадасы: волейбол боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү

Спартакиада «Ден соолук»: состоялась церемония награждения победителей по волейболу

«Ден соолук» спартакиадасынын алкагында өткөрүлгөн аялдар командаларынын волейбол мелдеши ийгиликтүү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Мелдешке Бишкек шаарындагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринен түзүлгөн аялдар командалары катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жогорку спорттук даярдыкты жана командалык ынтымакты көрсөткөн К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин командасы жеңүүчү аталды. Жеңүүчүлөр тиешелүү дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул спорттук иш-чара педагогикалык кызматкерлер арасында сергек жашоо образын жайылтууга, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө багытталган.