Мазмунга өтүү

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети «Жылдын мыкты окуу жайы» номинациясы менен сыйланды

Бишкекский государственный университет имени академика К. Карасаева награждён в номинации «Лучшее учебное заведение года»

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети коомдук жана жарандык уюмдар тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында «Жылдын мыкты окуу жайы» номинациясы менен сыйланды.

Аталган сыйлык университетке «Аскер тилектештиги», «Баткен Жоокерлеринин Республикалык комитети», «Аялдар жана үй-бүлө» коомдук кеңеши, «Демократиялык Кыргызстан» аялдар комитети, «LIA» ассоциациясы, «Насаатчы» жана «Асылзат нуру» коомдук уюмдары тарабынан ыйгарылды.

Бул баа берүү окуу жайдын билим берүү тармагындагы жетишкендиктерин, коомдук активдүүлүгүн, жаштарды тарбиялоодогу салымын жана коом менен тыгыз кызматташтыгын таануунун белгиси болуп саналат. Университеттин жамааты коомдун социалдык, маданий жана билим берүү багытындагы демилгелерине активдүү катышып, өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети мындан ары да сапаттуу билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана коомдук кызматташтыкты бекемдөө багытындагы ишмердүүлүгүн улантат.