2025-жылдын 23-29-ноябрында Казакстан Республикасында «Тогуз коргоол» улуттук интеллектуалдык оюну боюнча VII Азия Чемпионаты өттү. Сынактын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын курамасы 1-орунду ээлеп, өлкөнүн спортчуларынын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана чеберчилигин тастыктады.
Айрыкча сыймык туудурган учур — жеңүүчү кураманын катарында Бишкек мамлекеттик университетинин студенти Масалбеков Дастан (ЖК-24-1 группа) катышып, мыкты жыйынтык көрсөттү. Анын жалпы команданын жеңишиндеги салымы университетти эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөттү.
Академи К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын курамасын жана жеке Масалбеков Дастанды жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктап, келечекте дагы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалайт.
