2026-жылдын 12–18-январь күндөрү Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык билим берүү программалары жана долбоорлор боюнча координатору Рай кызы Рахат Улуу Британиянын Лидс университетине иш сапары менен барып келди.
Иш сапар Accelerating English Language Learning эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулуп, анын жүрүшүндө Рай кызы Рахат Лидс университетинин профессордук-окутуучулук курамына “Promoting inclusiveness through gender-aware pedagogy in second language writing assessment” аттуу программалык модул боюнча презентация жасады. Презентацияда экинчи тилди окутууда жазуу иштерин баалоодо гендердик сезимтал педагогиканы колдонуу, инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу жана заманбап баалоо ыкмалары кеңири талкууланды.
Жыйынтыгында сунушталган модуль Лидс университетинин академиялык жамааты тарабынан жогорку бааланып, колдоого алынды. Мындан улам, жакынкы убакытта аталган модульдүн негизинде Бишкек мамлекеттик университетинин магистранттары үчүн эки күндүк семинар өткөрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, бул семинар Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Британ консулдугунун колдоосу менен уюштурулат. Иш-чара англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга, инклюзивдүү билим берүү принциптерин жайылтууга жана эл аралык академиялык тажрыйбаны интеграциялоого багытталган.
Бул иш сапар Бишкек мамлекеттик университети менен Лидс университетинин ортосундагы академиялык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле эл аралык долбоорлордун алкагында билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга маанилүү салым кошот.
