Мазмунга өтүү

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулары «Ден соолук – 2026» спартакиадасында биринчи орунду ээлешти

Преподаватели Бишкекского государственного университета имени К. Карасаева заняли первое место на спартакиаде «Ден соолук – 2026»

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучулар командасы «Ден соолук – 2026» аталышындагы спартакиадага катышып, 45 жашка чейинки категорияда биринчи орунду ээледи.

Аталган спорттук иш-чарага Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынан 10 команда катышты. Спартакиаданын жүрүшүндө университеттин окутуучулары жогорку спорттук даярдыкты жана командалык ынтымакты көрсөтүштү.

Бул жетишкендик университет жамаатынын сергек жашоо образын колдоого, дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө багытталган иштеринин натыйжалуулугун тастыктайт.