Мазмунга өтүү

Бишкек мамлекеттик университетинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган семинарлар өтүүдө

В Бишкекском государственном университете проходят семинары по повышению качества образования

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курам үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана санариптик билимди өнүктүрүүгө багытталган семинарлар уюштурулууда. Иш-чаралар заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүүгө, окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонууга жана санариптик компетенцияларды өркүндөтүүгө багытталган.