Мазмунга өтүү

БМУнун студенти академиялык мобилдүүлүк алкагында Кипр университетинде билим алды

Студентка БГУ прошла обучение в университете Кипра в рамках академической мобильности

Бишкек мамлекеттик университетинин экология жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенти Кудашбекова Гульжамал 2025–2026-окуу жылынын күзгү семестринде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Айдын университетинде (Кипр) билим алды. Окуу мезгилинде ал аралык (mid-term) экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, жогорку академиялык көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Ошондой эле маданий жана билим берүү иш-чараларына активдүү катышып, Бишкек мамлекеттик университетин эл аралык аренада татыктуу деңгээлде тааныта алды.