Мазмунга өтүү

БМУнун студенттери Корея Республикасында өткөн 2025 Winter Glocal PBL Invitation эл аралык программасында байгелүү орунду ээлешти

Студентки БГУ заняли призовое место в международной программе 2025 Winter Glocal PBL Invitation в Республике Корея

Академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери Жооданбекова Амина жана Эркаева Мадина Корея Республикасынын DHU университети тарабынан уюштурулган «2025 Winter Glocal PBL Invitation» эл аралык программасына ийгиликтүү катышып, командалык презентация боюнча үчүнчү орунду ээлешти.

Программанын алкагында катышуучулар корей тили, маданияты, бизнес, туризм жана санариптик технологиялар боюнча интенсивдүү окуудан өтүп, ошондой эле Кёнсан жана Йондук аймактарында талаа изилдөөлөрүнө катышышты. Алынган билим жана практикалык тажрыйба алардын кесиптик көндүмдөрүн, маданияттар аралык коммуникациясын жана долбоордук ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Сынактын жыйынтыгында студенттер DHU университетинде корей тили боюнча алты айлык акысыз окуу курсуна грантка, ошондой эле программанын өнөктөштөрүнөн эстелик белектерге ээ болушту.

Амина Жооданбекованы жана Мадина Эркаеваны жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз жана мындан аркы окуусунда, илимий жана эл аралык ишмердүүлүгүндө чоң ийгиликтерди каалайбыз!