Мазмунга өтүү

К.Карасаев атындагы БМУнун студенттери Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата Кашка-Сууда экологиялык ишембилик өткөрүштү.

Студенты БГУ им. К. Карасаева провели экологический субботник в Кашка-Суу ко Всемирному дню туризма

Erasmus+ программасы аркылуу ишке ашырылып, 27-сентябрдагы Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата уюштурулган "Борбордук Азия университеттериндеги жашыл келишимдер" долбоорунун алкагында академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин География, туризм жана жаратылыш таануу факультетинин студенттери Кашка-Суу районунда экологиялык ишембилик уюштурушту.

Иш-чаранын негизги максаты - айлана-чөйрөнү сактоо, жаштар арасында жаратылышка жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди жайылтуу. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Кашка-Суу аймагын тиричилик таштандыларынан тазалап, коомчулукту экологиялык демилгелерге активдүү катышууга үндөштү.

Бул демилге студенттердин туризм жаатындагы теориялык билимдерин практикалык иш-чаралар менен айкалыштырууга, ошондой эле жаштар арасында туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтууга багытталган.

Студенты БГУ им. К. Карасаева провели экологический субботник в Кашка-Суу ко Всемирному дню туризма
сен эмессиң — 3