К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Экология жана менеджмент факультетинин командасы менеджмент боюнча VI Эл аралык студенттик олимпиадада II орунду ээледи.
Олимпиада 2026-жылдын 26-мартында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүп, Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген 17 команданы бириктирди.
Мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана менеджмент кафедрасынын студенттери татаал башкаруучулук кейстерди ийгиликтүү чечип, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.
Жыйынтыгында БМУнун командасы II даражадагы диплом менен сыйланды.
Студенттерди жана илимий жетекчиси Жазгүл Айдарбекованы куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
