Мазмунга өтүү

БМУда мектеп китепканачылары үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды

В БГУ успешно завершился курс повышения квалификации для школьных библиотекарей

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде профессор Т.А. Шаймергенова атындагы китепкана кадрларын даярдоо борбору тарабынан мектеп китепканачылары үчүн уюштурулган «Билим берүү мекемелериндеги китепканачы-педагогдун ишмердүүлүгүн уюштуруу» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

16–24-март аралыгында өткөн 72 сааттык окуу программасынын алкагында катышуучулар китепкана ишинин заманбап багыттары, маалыматтык маданиятты өнүктүрүү, менеджмент, маркетинг жана медиа сабаттуулук боюнча билим алышты. Ошондой эле жасалма интеллектти колдонуу жана библиографиялык иштин педагогикалык негиздери боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү. Курстун жыйынтыгында катышуучуларга расмий сертификаттар тапшырылды.