2025-жылдын 21-июлунан 3-августуна чейин К.Карасаев атындагы БМУнун орус филологиясы факультетинин студенттери Казань федералдык университети тарабынан Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги жана «Социоцентр» федералдык мамлекеттик автономиялык мекемеси менен биргеликте уюштурулган Жайкы университет программасына катышып, жайкы эс алууларын Казань шаарында өткөрүшөт.
КФУ быйыл 220 жашка толгон Россиядагы эң эски жана эң абройлуу университеттердин бири. Анда 12,000ден ашуун чет элдик студенттер бар. Университет маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө салым кошкон активдүү илимий, маданий жана эл аралык ишмердүүлүгү менен белгилүү.
Жайкы университет долбоору КФУда үчүнчү жолу өткөрүлөт. 2024-жылы ал 13 өлкөдөн 300 катышуучуну чогулткан. 2025-жылы программага 15тен ашык өлкөдөн, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Египет, Оман жана башка өлкөлөрдөн 300 чет элдик жана 100 орусиялык студенттер катышат.
Программада КФУнун алдыңкы окутуучуларынын жана тармактык эксперттеринин лекциялары, семинарлары жана практикалык сабактары, ошондой эле маданий-агартуу иш-чаралары, экскурсиялар жана Татарстан жана орус маданияты менен тааныштыруу камтылган.
