Мазмунга өтүү

БМУнун студенттери эл аралык экологиялык конференцияга катышты

Студенты БГУ приняли участие в международной экологической конференции

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери Эл аралык Жогорку медицина мектебинде өткөн экологиялык конференцияга катышты.

Иш-чара Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын экологиялык туруктуулугун жана санариптик трансформациясын өнүктүрүүгө багытталган Erasmus+ «Кыргызстандын жашыл жана санариптик университеттери» аттуу эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулду.

Конференциянын жүрүшүндө БМУнун студенттери айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экология тармагына заманбап санариптик чечимдерди киргизүү маселелери боюнча илимий баяндамалар менен чыгышты.

Конференцияга катышуу студенттерге өздөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүүгө, ошондой эле башка билим берүү жана илимий мекемелердин өкүлдөрү менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети студенттердин эл аралык илимий демилгелерге активдүү катышуусун колдоону улантып, алардын изилдөө жөндөмдөрүн жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө салым кошууда.