2026-жылдын 23-апрелинде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде мектеп окуучуларын, студенттерди, бүтүрүүчүлөрдү жана жумуш берүүчүлөрдү бириктирген масштабдуу профориентациялык иш-чара – жумуш орундар жарманкеси, Карьера күнү жана Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чара университеттин башкы имаратында өтүп, билим берүү мекемелери, мамлекеттик түзүмдөр жана бизнес-коомчулук ортосундагы өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу аянтча болду.
Салтанаттуу ачылыш аземинде куттуктоо сөздөрү менен БМУнун ректору, профессор Мирлан Дылдаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кеңешчиси Азамат Сатиев, “Манас” Улуттук академиясынын Вице-Президенти Кыргыйбек Молдожунусов, Синьцзян университетинин проректору Цзинь Ган жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык байланыштар боюнча Вице-президенти Санжар Дыйканов сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын алкагында БМУ менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, “Манас” Улуттук академиясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү. Бул макулдашуулар кадрларды даярдоо, бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууну чыңдоого багытталган.
Жумуш орундар жарманкесине ар түрдүү компаниялар менен уюмдардын өкүлдөрү катышып, актуалдуу бош орундарды, стажировка жана практикалык программаларды сунушташты. Студенттер жана бүтүрүүчүлөр HR-адистерден кеңеш алып, алдын ала маектешүүлөрдөн өтүп, потенциалдуу жумуш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Карьера күнүнүн алкагында эмгек рыногунун актуалдуу тенденцияларына жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө арналган презентациялар жана эксперттик талкуулар өткөрүлдү. Спикерлер ийгиликтүү карьера куруу боюнча практикалык сунуштар менен бөлүшүп, эл аралык стажировкаларга жана долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.
Мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер үчүн Ачык эшиктер күнү уюштурулуп, катышуучулар университеттин билим берүү программалары менен таанышып, факультеттердин жана институттардын көргөзмөсүнө катышып, кампус боюнча экскурсияларга барышты. Ошондой эле профориентациялык тесттерден өтүп, интерактивдүү оюндарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чара мастер-класстар менен жыйынтыкталып, анда катышуучулар заманбап технологияларды колдонуу менен резюме түзүү жана жумушка кабыл алуу маегинен ийгиликтүү өтүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.
Мындай иш-чараларды өткөрүү билим берүү менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты чыңдоого, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана жаштардын туруктуу кесиптик өнүгүү жолун калыптандырууга өбөлгө түзөт.
