2026-жылы өткөн «Универсиада – 2026» республикалык спорттук мелдешинин алкагында футбол боюнча жогорку лигада К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин командасы ийгиликтүү оюн көрсөтүп, ардактуу II орунду багындырды.
Мелдешке өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын командалары катышып, жогорку деңгээлдеги атаандаштык орун алды. БМУнун командасы бардык оюндарда мыкты даярдыгын, тактикалык чеберчилигин жана биримдигин көрсөтүп, финалдык баскычка чейин ишенимдүү жетти.
Бишкек мамлекеттик университетинин жамааты команданы жетишкен ийгилиги менен куттуктап, алдыдагы мелдештерде дагы жаңы жеңиштерди каалайт.
