2026-жылдын 18-мартынан 2-апрелине чейин Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин докторанттары META университетинде илимий стажировкадан өтүштү.
Бул стажировка илимий-изилдөө даярдыгынын алкагында уюштурулуп, экономикалык илимдер багытында изилдөөчүлүк компетенцияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык академиялык чөйрөдө практикалык тажрыйба топтоого багытталды.
Стажировка учурунда докторанттар өздөрүнүн диссертациялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштап, илимий семинарларга жана академиялык талкууларга катышышты. Мындан тышкары, алар эл аралык илимий булактар жана маалымат базалары менен иш алып барышты.
Айрыкча кабыл алуучу университеттин окутуучулары жана изилдөөчүлөрү менен өз ара аракеттенүүгө, заманбап илимий ыкмаларды талкуулоого жана кесиптик тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
