28-мартта К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери Кыргыз мамлекеттик университетинин И.Арабаев атындагы башкы корпусунда өткөн япон тилиндеги республикалык оратордук өнөр сынагына катышты.
БМУнун студенттери төмөнкү натыйжаларды көрсөтүштү:
— Максименюк Полина — 2-орун жана Айкидо федерациясынын атайын сыйлыгы;
— Назаров Жусуп — 4-орун жана И. Абдуразаков атындагы атайын сыйлык;
— Татыкулова Айсамай — 5-орун;
— Сулекова Майя — 7-орун;
— Бекболотова Айлин — 8-орун.
Катышуучуларды жетишкендиги менен куттуктайбыз жана 16-майда Бишкекте өтө турган Борбордук Азиянын япон тилиндеги оратордук өнөр сынагында ийгилик каалайбыз.
