2026-жылдын 31-мартында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде философия илимдеринин кандидаты, доцент, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Бозжол» философиялык изилдөөлөр борборунун директору Саветбек Абдрасуловдун «Бозжол – сакральный путь человека в пирамидальном строении Бозүй и в полусферично-сферичном универсуме Боозүй» аттуу эки томдон турган китебинин бет ачары болуп өттү.
Аталган иш-чара БМУнун Илимий изилдөө иштерин уюштуруу жана илимий кадырларды даярдоо башкармалыгы, Кыргыз-кытай факультети жана Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулар курамы, аспиранттар жана студенттер катышты.
Андан соң баяндамачылар өз пикирлерин билдиришти. Алардын катарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн профессору, философия илимдеринин доктору Жылдыз Урманбетова, ошондой эле философия илимдеринин кандидаты, доцент, ИСИТОнун проректору Эмиль Каниметов болду.
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө китептин автору Саветбек Абдрасулов өз эмгегин кеңири тааныштырып, анын мазмуну, илимий жаңылыгы жана философиялык мааниси тууралуу баяндама жасады.
Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан жарыш сөздөр айтылып, суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, кызыктуу талкуу жүрдү.
