Мазмунга өтүү

К.Карасаев атындагы БМУда "Евразиялык таланттар шоусу" аттуу жогорку окуу жайлар аралык студенттик фестиваль өттү.«

В БГУ имени К. Карасаева состоялся межвузовский студенческий фестиваль «Шоу талантов Евразии»

2026-жылдын 16-апрелинде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Студенттер менен иш алып баруу жана маданият департаменти тарабынан «Евразия Кей Джи» коомдук фонду менен биргеликте “Евразия таланттар шоусу” аттуу жогорку окуу жайлар аралык студенттик фестиваль өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, жаштардын демилгелерин колдоо, ошондой эле жогорку окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.

Фестивалда жогорку окуу жайларынын парады болуп, студенттик командалар өздөрүнүн билим берүү мекемелерин көрсөтүштү. Сынактын программасы вокалдык дуэт жана хореография номинациялары боюнча өнөр көрсөтүүлөр менен уланды. Катышуучулар жогорку деңгээлдеги аткаруу чеберчилигин, чыгармачылыгын жана өз өнөрлөрүнө оригиналдуу мамиле жасагандыгын көрсөтүштү.

Бул фестивалдын өтүшү студенттик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, жаштардын маданий турмушун жандандырууга жана билим берүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.