Мазмунга өтүү

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Хирано Рюити мырза расмий визит менен келди

В Бишкекском государственном университете имени К. Карасаева состоялся официальный визит Посла Японии в Кыргызской Республике господина Хирано Рюити

2026-жылдын 14-апрелинде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырза атайын визит менен келди.

Иш сапардын алкагында Элчи Хирано Рюити мырза университеттин ректору Мирлан Дылдаев менен расмий жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ошондой эле Япониянын Кыргызстандагы Элчилигинин экинчи секретары Танимото Тацуя мырза жана Маалымат жана маданият бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Курманалиева катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ректор университеттеги Япон бөлүмүнүн студенттеринин жетишкендиктерине токтолуп, Япониянын Элчилиги тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоонун жана эки тараптуу өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Расмий жолугушуудан кийин Элчи Япон филология кафедрасынын окутуучулары жана студенттери менен да жолугушуу өткөрдү. Анда студенттер тарабынан даярдалган презентациялар сунушталып, академиялык жетишкендиктер жана окуу процессиндеги ийгиликтер көрсөтүлдү.

Ошондой эле, Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлигинин «Никкэнсэй» программасынын алкагында Японияда бир жылдык стажировкадан өтүп келген студенттер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, программанын максаттары жана жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.