Мазмунга өтүү

БМУда заманбап тил илиминин актуалдуу маселелери боюнча эл аралык конференция өттү

В БГУ прошла международная конференция по актуальным проблемам языкознания

2026-жылдын 15-январында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Заманбап тил илиминин актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан жана чет өлкөлөрдөн келген окумуштуулар, окутуучулар, докторанттар жана жаш изилдөөчүлөр катышты.

Конференциянын жүрүшүндө пленардык жыйындар жана секциялык отурумдар өткөрүлүп, теориялык жана колдонмо тил илиминин, маданият аралык коммуникациянын, котормо таануунун актуалдуу маселелери, ошондой эле лингвистикалык билим берүүнүн заманбап тенденциялары, анын ичинде жасалма интеллект жана санариптик технологияларды колдонуу маселелери талкууланды.

Бул конференция илимий тажрыйба алмашууга, актуалдуу маселелерди кеңири талкуулоого жана эл аралык академиялык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.