Академик К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Орус дүйнөсү» фондунун орус борборлорун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Николай Константинович Сергеев менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда Фонд менен университеттин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, орус борборун мындан ары өнүктүрүү багыттары, ошондой эле орус тилин жана адабиятын жайылтууга багытталган биргелешкен билим берүү жана маданий демилгелер талкууланды.
Жолугушууга БМУнун ректору, профессор Дылдаев Мирлан Муктарович, орус филологиясы факультетинин деканы Ниязалиева Рахат Анарбековна, БМУнун «Орус дүйнөсү» фондунун орус борборунун жетекчисинин орун басары, профессор Светлана Александровна Элебесова, ошондой эле орус филологиясы факультетинин окутуучулары катышты.
Келген коноктор жемиштүү кызматташууну улантууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого өз ара кызыкдар экенин билдиришти.
