2025-жылдын 27-майында Бишкек мамлекеттик университетинде Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, университеттин өнүгүүсүнө байланыштуу маанилүү маселелер каралды.
Колледж директору Конокбаева Д.К. колледждин азыркы абалы жана өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди. Социалдык-психологиялык факультеттин деканы Айтбаева П.М. факультеттеги студенттердин жана илимий ишмердүүлүктүн активдүүлүгү тууралуу айтып өттү.
Окуу иштери боюнча проректор Мурзахмедова Г.М. аспиранттардын жана илимий даражага талапкерлердин темаларын сунуштап, алар кеңеш тарабынан бекитилди.
Ошондой эле бир катар кадрдык жана уюштуруучулук чечимдер кабыл алынды:
– Б.Н. Сайфудиновго доцент илимий наамы, Л.Н Жаиловага эконмика илимдеринин кандидаттыгы ыйгарылды;
– Кыргыз-кытай факультетинин философия, теория жана маданият тарыхы кафедрасынын башчысы шайланды;
– Экономика жана финансы факультетин Экономика, финансы жана бизнес-менеджмент институту деп өзгөртүү сунушу жактырылды (декан Савин В.Е.).
Жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган чечимдер университеттин сапаттуу билим берүү, илимий иштерди колдоо жана башкарууну өркүндөтүү жаатындагы аракеттерин дагы да бекемдөөгө багытталган.
