2025-жылдын 27-майында ректор Мирлан Дылдаев жетектеген Бишкек мамлекеттик университети Ханбат улуттук университетинин (Түштүк Корея) делегациясын кабыл алды. Иш сапар жогорку билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо алкагында болду.
Делегацияны Эл аралык байланыштар бюросунун директору, профессор Ки-Сук Квон жетектеп келди. Делегациянын курамына ошондой эле, профессор Жун-Мук Лим, Өнөр жай-академиянын байланыштары боюнча проректору жана Эл аралык иштер боюнча кеңсенин топ жетекчиси Санг-Пой Хванг мырза кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки университеттин өнөктөштүгүн кеңейтүү перспективаларын, анын ичинде кош дипломдук (2+2) биргелешкен программаларын ишке ашыруу, кыска мөөнөттүү студенттерди алмашуу, ошондой эле чет элдик студенттерди тартуу жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун иштеп чыгуу стратегияларын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүккө, тажрыйба алмашууга жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өз ара кызыкчылык ырасталды.